• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Жумалиев УКМКнын тергөө абагында калтырылды

1 Чын куран 2021 11:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө абагында камоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-марттан тарта Жумалиевге карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы узартылды. Ал сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө 2021-жылдын 14-апрелине чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Жумалиев коррупцияга шектелип кармалган.

Количество просмотров: 105