• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат Жумалиевге катталган мүлктөр аныкталды

26 Бугу 2020 16:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ага тиешелүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган. Бул тууралуу  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

«Финпол Башкы прокуратура тарабынан катталган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган. Анда Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле Кубанычбек Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган», — деп жазылат мекеменин маалыматында.

Жумалиевдин мыйзамсыз байыганы туурасындагы фактыны териштирүү үчүн Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине материалдар Жазык кодексинин 323 («Мыйзамсыз баюу») жана 324-беренеси («Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу») боюнча катталган. Анын алкагында Финпол сотко чейинки өндүрүш ачканы айтылат. Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат.

Эске салсак, Сыймык Жапыкеев буга чейин Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды күмөн жол менен байыган деп айыптаган. Анын ичинде Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылган. Ал эми
депутат Жумалиев «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде активист Сыймык Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Количество просмотров: 3679