• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казынага 1 млрд. сом төккөн депутат Жумалиев абактан чыкты

13 Чын куран 2021 13:17 Бишкек Govori.TV

Коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы премьер-министр, азыркы депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд. сом төлөп берип, эч кайда кетпөө тилкаты менен бошотулду. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акчага бааланган коммерциялык активдерин жана кыймылсыз мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди.

“Тергөө тарабынан Жумалиевдин улгайган курагын жана ден соолугун эске алуу менен, 12-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна ага карата эч жакка кетпөө жөнүндө бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү келтирилди”,-деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Жумалиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча айыптап, камакка алган.

Количество просмотров: 146