Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
Камчыбек Ташиев 2000-2024-жылдар аралыгында аткарылган иштер тууралуу маалымат берүүдө.
Ал экс-министр Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд 111 млн 976 сом каражатты кайтарганын билдирди. Бул сумманын ичинен 45 млн сом акча түрүндө, калган сумма Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводун баалоо менен кайтарылган.