Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Бишкектеги «Ак-Кеме» мейманканасында обсервацияда жатат. Бул тууралуу обсервациянын башкы дарыгери Чоро Сатаев билдирди.
Анын айтымында, ал чет өлкөдөн 20-март күнү учуп келген.
«Ал медицина кызматкерлеринин айткандарын аткарууда. Обсервациянын аймагында болуп, бөлмөсүнөн да чыккан жок», — дейт Сатаев.
Ал белгилегендей, депутаттын саламаттыгы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок.