• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Депутат Зиядин Жамалдиновдун үйүнөн курал уурдалды

8 Үчтүн айы 2018 12:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.01.18 Govori.TV

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун Ноокаттагы үйүнөн ок атуучу курал уурдалды. Бул маалыматты эл өкүлү Govori. TV cайтына тастыктады.

«Биздин Ноокаттагы үйдө кышында эч ким жашабайт. Ошондуктан уурулар качан үйгө качан киргени белгисиз. Терезени ачып киришкен экен, менимче жаш балдар окшойт. Биринчи эле куралды таппай калдык. Азырынча дагы эмнени уурадаганын тактап жатабыз», — деди депутат.

Анын айтымында уурулар  депутат, аңчылыкка колдонуп жургөн карабинди  уурдаган.

“Менде аны алып жүрүүгө баардык уруксат кагаздарым бар. 4-январда жоголгонун билгенден киин дароо укук коргоо органдарына кайрылдым», — деп билдирди депутат.

Ал эми Ош облустук ИИМ башкармалыгынын пресс-секретары Жанна Сатарбаеванын айтымында учурда бул иш боюнча Кылмыш Кодексинин 164 беренеси (Уурдоо)  менен иш козголуп,учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 17