• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутаттар 4-октябрга чейин тыныгуу алуусу мүмкүн

3 Аяк оона 2020 12:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин отурумунда үгүт иштерине байланыштуу 4-октябрга чейин тыныгуу алуу сунушун киргизди.

Анын айтымында, 4-сентябрда Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча үгүт иштери башталат. «Үгүт учурунда шайлоочулар менен жолугушуп алсак деген сунуштар түшүүдө. Азыркы депутаттардын арасында шайлоого катыша турган талапкерлер бар. Парламентте отурбаган партиялар да бар, баарынын мүмкүнчүлүгү бирдей болушу үчүн 4-октябрга чейин тыныгуу алуу сунушталууда. Анткени айрым талапкерлер микрофондун жардамы менен үгүт иштерине байланыштуу сөздөрдү айтышы мүмкүн», — дейт ал.

Жумабеков аталган маселе боюнча токтом долбоору даяр экендигин айтты.

Количество просмотров: 63