• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутаттар 43 жашында пенсияга чыккан офицерлерди сындады

29 Теке 2021 18:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июлда  Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун биринчи окуудан карашты. Ддепутат Нурбек Сыдыгалиев.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, мыйзам долбоору офицердик курамдын аскер кызматында болуу мөөнөтүн узартууну, капитандарга 45, майорлорго 48, подполковниктерге 50, полковниктерге 55, генерал-майорлорго 60, генерал -лейтенанттарга 65 жашка чейин узартууну карайт.

Ал эми министрдин орун басары Нурлан Кирешеев бул мыйзам кабыл алынса жаш офицерлер өспөй каларын белгиледи.

«Мыйзамды кабыл алуу эрте деп эсептейбиз. Куралдуу күчтөрдө 2003 офицер кызмат кылат, анын 1767си подполковникке чейинки жаш офицерлер. Аскер кызматкери подполковник наамын орточо 36-37 жашында алат. Анан бул мыйзамды кабыл алганда жашы улгайган офицерлер кызматты ээлеп көпкө отуруп калат деген кооптуулук бар. Жаш өсүп келе жаткандардын перспективасы азаят. Аскер кызматы күнүмдүк стресске байланышкан, күнү-түнү жумушта болушат. Анализ боюнча 45-50 жаштагы офицерлердин 70 пайызынын өнөкөт оорулары бар», — деди Кирешеев.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Кожобек Рыспаев менен Шайлообек Атазов мыйзам долбоорун колдоп,  азыркы учурда аскер кызматкерлери кайрат-күчү ашып ташып турган куракта пенсияга кеткен офицерлерди сындады.

«Офицерлер 43 жашында жүгүрө албай калат дейсиздер, 45 жашында Майк Тайсон, Рой Жонстор 12 раунд боксташып жатпайбы. Борбордук аппаратта курсагыңарды салаңдатып кабинетте отурсаңар, 43 жашыңарда жүгүрө албай каласыңар да анан», — деди Атазов.

Количество просмотров: 1797