• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутаттар 8-марттын тарыхын билишеби?

7 Жалган куран 2023 13:53 Бишкек Govori.TV

Буга чейин 1975-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 8-мартты аялдардын жетишкендигин майрамдоо жана теңсиздикке каршы күрөшүү күнү катары жарыялаган. Бул күндүн белгиленип калышына Клара Цеткиндин кошкон салымы чоң экендиги белгиленип, ал тууралуу талаш пикирлер айтылып келет. Таржымал боюнча 19-кылымдагы эмгекчил аялдардын тилектештигинин күнү дешсе, кээ бирлери ошол кездеги денесин сатып алектенген аялдардын укугу корголгон күн дешет. Кээ бирлери болсо Цеткин аялдар күнүнүн тарыхын еврей калкынын тарыхы менен байлагысы келген деген варианттарды айтышат. Ал эми депутаттар бул күндү кандай баалайт жана тарыхы тууралуу эмнелерди билишет өздөрүнөн сурап көрдүк.

Количество просмотров: 182