• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттар Адил Тойгонбаевди эстешти

14 Тогуздун айы 202420:30 Бишкек Govori.TV

Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаевди Кыргызстанга алып келип жоопко тартууну Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 14-октябрдагы жыйынында айтып чыкты.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Адил Тойгонбаевге козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды топтоп, кагаз жүзүндө жооп берерин билдирди.

2017-жылы Бишкектин Биринчи май райсоту Адил Тойгонбаевди Кылмыш-жаза кодексинин бир топ беренелери боюнча айыптап, 20 жылга абакка кесип, үй мүлкү алынсын деген чечим чыгарган. 

2005-жылдын 24-мартындагы элдик төңкөрүштөн кийин качып кеткен Адил Тойгонбаев “Кыргызстандын аймагында бир катар өнөр жай объектилерин мыйзамсыз менчиктештирген” деген айыптын негизинде эл аралык издөөгө алынган. Ага “алдамчылык, ири суммадагы салыктарды жашырган” деген да күнөөлөр тагылган.

2016-жылы Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен Интерпол аны Дубайда бир аз убакытка кармап, кийин күрөөгө бошоткон.

58 жаштагы Адил Тойгонбаев Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаеванын мурдагы күйөөсү.

Количество просмотров: 152