• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен кетирүүгө кол чогултуп жатабы?

17 Бештин айы 2020 13:08 Бишкек Govori.TV

Аида Касымалиеваны вице-спикерлик кызматтан кетирүү боюнча депутаттар кол чогултуп жатат. Бул маалыматты парламентарийлер тастыктаганын Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Эл өкүлү Айсулуу Мамашова парламентте бул тууралуу өз ара сөз болуп жатканын билдирген.

«Мен деле кечээ уктум, Аида Касымалиеваны вице-спикерликтен түшүрүүгө кол чогултуп жатышыптыр. Бул маселени КСДП фракциянын жыйынында карай турганы айтылууда. Азырынча буга эмне негиз болуп жатканы белгисиз. Вице-спикерликке Гүлкан Молдобекованы көрсөтүп жатышат», — деп билдирген Мамашова.

Маалыматты тактоо иретинде вице-спикер Аида Касымалиевага байланышканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду.

«Мен иш сапар менен Ош облусунда жүрдүм эле. Кол топтоо боюнча кабарым жок. Анын өзүнүн процедурасы бар, бир гана кол топтоо менен чечилбейт»,-деди Касымалиева.

Алдын ала маалыматтар боюнча, вице-спикерлик кызматка КСДП фракциясынын мүчөсү, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова талапкерлиги көрсөтүлө турганы айтылууда.

Белгилей кетсек, 2018-жылы декабрь айында депутаттар Аида Касымалиеванын талапкерлигин вице-спикерликке колдоп, бекитишкен.

Количество просмотров: 107