• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутаттар АКШнын өкүлү менен эмнени талкуулашты?

16 Тогуздун айы 2023 18:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин АКШ жана Канада менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси, депутат Эмил Токтошев баштаган депутаттар Акылбек Түмөнбаев, Балбак Түлөбаев жана Карим Ханджеза Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Депутат Эмил Токтошев Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттары ар дайым жалпы максаттарга жана ниеттерге негизделген демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүүдө өнөктөш болуп келгенин баса белгиледи. “Биздин өлкөлөрдөгү парламент артыкчылыктуу мааниге ээ жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү биздин мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Август айында бизге АКШ сенатору Гэри Питерс келди, аны менен Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев жолугушту. Сиз да эки өлкөнүн парламенттеринин кызматташуусунун жаңы деңгээлине салым кошот деген ниеттебиз”,- деди депутат.

Виза маселесине өзгөчө көңүл бурган депутат Эмил Токтошев жаштардын АКШга билим алуу жана туристтик максатта барууга кызыгуусу жогору экендигине токтолду. “Тилекке каршы, биздин жарандар виза алууда бир катар көйгөйлөргө туш болууда, атап айтканда, баш тартуулар көп кездешет. Буга байланыштуу мен виза алуу түйшүгүн жеңилдетүү өтүнүчүн билдирем”, — деди Эмил Токтошев.

Депутаттар Балбак Түлөбаев, Карим Ханджеза кыргыз-америка достук мамилелердин өнүгүү деңгээлин кубаттарын белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты жандандырууга кызыктарлыгына көңүл бурушту. Ал эми депутат Акылбек Түмөнбаев соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелеринен тышкары, АКШ Конгресси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ортосундагы тажрыйба алмашуу иш-аракеттерин жандандыруу тууралуу айтты.

Өз кезегинде Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында эки өлкөнүн алакасын арттырууга басым жасарын айтып, анын ичинен экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо жаатында иш алып барарын билдирди. “Биз да парламенттер аралык байланыштарды чыңдоону кубаттайбыз”, – деди ал.

Айрыкча виза маселесине кеңири токтолгон Лесли Вигери жакында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарына бул багытта кайрылганын, Вашингтондо Кыргызстанга визанын мөөнөтүн узартуу маселеси каралып жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 104