• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартиби

11 Жалган куран 2021 9:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйындын күн тартиби (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттарынын талапкерлерин бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору;

3. “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

4. “Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

5. “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;

6. “Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеӊештин 2019-жылдын 26-декабрындагы №3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Количество просмотров: 45