• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутаттар Баткенге байланыштуу канча токтом кабыл алынганын билеби?

22 Жалган куран 2019 12:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV.

Президент С. Жээнбеков Баткендеги кырдаал боюнча жыйын өткөрүп, күч структураларынын ишин сынга алды.

Жогорку Кеңеш чек ара боюнча маселени эки жумадан кийин карамай болду.

Жогорку Кеңеш Баткен облусу боюнча канча токтом кабыл алган? Кызыгы, Жогорку Кеңеш маселени талкуулап эмес, талап кыла турган жерде экен.

Жогорку Кеңеште 2013-жылдын 13-июнунда Баткен облусунда административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү боюнча токтом кабыл алынган.

Демилгени Н. Арипов көтөрүп чыгып, комиссиянын курамына Ө. Текебаев К. Абдиев сыяктуу эл өкүлдөрү кирген.

2013-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Баткен облусунда административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын аралык мөөнөттөгү маалыматын угуп, №3420 токтомун кабыл алган.

А Жээнбеков кол койгон токтомдо Баткен облусунундагы кырдаалга байланыштуу Өкмөткө бир катар тапшырмалар берилген. Өкмөт өкүлүнүн , жергиликтүү бийликтин иш аракети, чек ара аймагында коопсуздукту камсыздоо калктын жашоо жакшыртуу багытында бир топ чаралар каралган.

2013-жылдын 18- сентябрында Жогорку Кеңеш Баткен облусунда административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мөөнөтүн узартуу боюнча токтом (№3449) кабыл алган.

Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 25-декабрында (№3730) токтомун кабыл алган.

Токтомго ылайык, КР Премьер-Министрине Өкмөттүк комиссия түзүү сунушталган. Токтомдо Баткен облусуна тиешелүү бардык жагдайлар камтылган. Аталган токтомдорго ошол кездеги төрага А Жээнбеков кол койгон.

Эске салсак, Президент эки жылдан бери “Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп атап келе жатат. Ал эми Баткендеги кырдаал Президенттин Указынынын аткарылбай жатышынын түздөн-түз жыйынтыгы десек болот.

Количество просмотров: 50