• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Депутаттар Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө чакырышууда

20 Тогуздун айы 2022 11:44 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков бийликти Баткенге, анын ичинде чек арага жакын аймактарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

«Жергиликтүү тургундар ар кандай маалыматтарды айтып кайрылып жатышат. Протоколдук келишимдерге кол койгондон кийин дагы жолугушууларды өткөрүш керек да. Ушундай маалыматтар чыгып жатат деп. «Окоп казып атат, курал-жарак алып келип жатат» деп айткандан кийин өткөндөгү окуя болду. Ушул боюнча тез арада сүйлөшүү жүргүзүү керек. Эки тараптан кайгуул кызматы журүп жатат, ошого карабай ушундай болуп жатат. Азыр балдар, аялдар кетип, эркектер эле калдык деп жатышат. Ошондуктан көбүрөөк ошол жакка көңүл буруп керек, министрликтер эл аралап жүрүш керек», — деди Өмүрзаков.

Бул боюнча депутат Балбак Түлөбаев дагы маселе көтөрүп, эки өлкө ортосундагы мамиленин бузулушу башка кошуна өлкөлөргө дагы таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты.

«Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чыккан «от» жалгыз эле бизде калбайт, бүткүл Орто Азияны өрттөйт. Жалыны Өзбекстанга, Казакстанга, Түркмөнстанга, Монголияга Каспий деңизинен Иран жана Туран чек араларына чейин жетет. Эки гана мамлекет эмес. Ошол үчүн Орто Азиядагы стабилдүүлүк Кыргызстан менен Тажикстандан башталат. Эгер Тажикстан агрессиясын улантса, бул Путиндин бетине болгон «түкүрүк» болот. Себеби Владимир Владимирович жакында эле орден берди. Сыйлыкты алып анан кайра окоп казып, расмий органдары чагымчылдык уюштуруп жатат», — деди Балбак Түлөбаев.

19-октябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара кызматынын кыргыз тарапты айыптаган билдирүүсүнө жооп кайтарган. Билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылган.

Количество просмотров: 110