• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Депутаттар Бишкектеги түрмөлөрдү кыдырды

26 Аяк оона 2023 12:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы 25-сентябрда убактылуу кармоочу жайда кармалып жаткандардан кабар алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу, депутаттар Марат Мураталиев, Бакыт Тентишов, тиешелүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эксперттерден турган топтун алгачкы кыдыруусу Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайынан башталды. Депутаттык комиссия Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайынын шарттары менен жеринде таанышып, ар бир камераларды көрүшкөн.

«Андан сон, убактылуу депутаттык комиссиянын кыдыруусу СИЗО-1де улантылды. Комиссия мекеменин кармоо шарттары менен таанышып, иши тергөөдө же сотто каралып жаткан кээ бир кармалгандар менен баарлашып, алардын үнүн укту. Кыдыруунун жүрүшүндө депутаттар аялдар, эркектер отурган камераларды, тамактануучу жайларды, сот отурумдарына онлайн катышууну камсыздаган кабинеттерди көрүп чыгышты. Жогорку Кеңеш депутаты, убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу ар бир кармоо жайларынын жетекчилеринен талаптагыдай эрежелердин сакталышына көңүл буруп, мында кызмат өтөгөндөрдүн эмгек маянасын, тамак аштын жетиштүүлүгүн тактады. Депутаттык комиссия мындан сырткары, УКМКнын тергөө абагында кармалган адамдардын абалы менен да таанышып чыкты»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-июнунда Жогорку Кеңеште мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Количество просмотров: 108