Бүгүн, 28-декбрда Жогорку Кеңеш Орусиянын Чек ара кызматына Бишкек шаарындагы жер тилкени 49 жылга ижарага берүүнү үч окууда жактырды.
Жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдиргендей, 2000-жылы Кыргызстан менен Россия «Чек ара кызматкерлеринин биргелешкен иш-аракеттери жөнүндө» келишим түзүп, эки тарап бир нече милдеттенмелелерди алган.
«Кыргызстандын Россиянын чек ара кызматкерлерин, үй-бүлөсүн турак жай жана казарма менен камсыз кылуу милдети болгон. Келишимге ылайык, алар 2013-жылга чейин Новопокровка айылында туруп келген. Ал жердеги имараттар жараксыз абалга келгендиктен, Бишкектеги Жибек Жолу жана Күрөңкеев көчөлөрүндө жайгашкан эки имаратты жеке тараптардан ижарага алып, иштетип келиптир», — деди ал.
Орусияга бериле турган имараттын жалпы аянты 2 миң чарчы метрден ашуун. Ал Бишкектин Жибек Жолу жана Күрөңкеев көчөлөрүндө жайгашкан.