• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутаттар чек ара маселесин жабык карап жатат

2 Бирдин айы 2022 14:22 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында чек ара маселесин жабык карап жатат. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берүүдө.

Буга чейин депутаттар атайын кызматтын жетекчисин Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол куруу тууралуу жазылган №39 протокол жөнүндө түшүндүрмө бериши керектигин айтышкан.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясында караларын билдирген.

Количество просмотров: 83