• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Депутаттар чек арадагы кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн Баткенге кетишти

15 Жалган куран 201910:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.03.2019.Govoro.TV.

Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен кабар алуу үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Төрага Дастанбек Жумабеков Баткенге сапар алган депутаттар менен сүйлөшүп, эзелтен эриш-аркак, достук мамиледе жашаган эки коңшу мамлекеттин ынтымагы маанилүү экенин билдирип, түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон жаңжал 14-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында тиешелүү мекеме жетекчилери менен бирге жабык эшик артында талкууланган.

Количество просмотров: 12