• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутаттар “Чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун кайра комитетке кайтарды

14 Бирдин айы 2024 10:44 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетине кайра артка кайтарды. Жыйында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев “Чет элдик өкүл” тууралуу мыйзам долбоорундагы айрым беренелерди өзгөртүү керек экенин айтты.

“Демилгечилер да коомчулуктун үнүн угуп, кайра карап чыксак жакшы болмок. Мыйзам долбоорунун экинчи беренесинде “жарандардын инсандыгына жана жарандыгына шек келтирген коммерциялык эмес уюмдарды түзүү үчүн жоопкерчиликти кароо” сунушталган. Ал беренеде кылмыш жаза жоопкерчилигин алып салууну сунуштап атам”, — деди ал.

23-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоп, парламенттин жалпы жыйынына жөнөткөн.

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Количество просмотров: 50