Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен Тазабек Икрамов коронавирустан айыкты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Жакында экөө тең каронавирустан сакайып чыгышты. Экмат Байбакпаев ооруканадан үйүнө кайтып келиптир. ПЦР-тесттер таза чыкканын айтты»,-деп жазды Нуракун уулу.
Эске салсак, буга чейин Экмат Байбакпаев менен Тазабек Икрамовдун коронавирус жугузуп алганы кабарланган болчу.