БШК Алтынбек Кылычбаевди Сузак округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.
Боршайкомдун маалыматы боюнча, 30-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кылычбаев Алтынбек Таировичти №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттады.
№13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрында өткөн.
Кылычбаевге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Эске салсак, Тазабек Икрамов өз эрки менен мандатын тапшырган.