• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Малдан айырмасы жок». Икрамов жолго түкүргөндөрдү сындады

20 Бирдин айы 2024 11:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 20-февралдагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов жолго түкүрүп, таштанды ыргыткандарды сындады.

«Катуу тийсе кечирим сурайм, бирок кээ бир адамдар малдан айырмасы жок болуп калды. Бишкектин ортосунда машинада кетип баратат, эшигин ачып, жерге түкүрүп кетип атат. Же болбосо тамекисин, таштандысын да ыргытып кетет. Мына ушулар менен күрөшүш керек. Балким аларды сүрөткө тартып алыш керек, тартып алгандарга сыйлык бересиңерби, бир чарасын көрүш керек» , — деди депутат.

Количество просмотров: 88