• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Ширшовдун планы». Депутат Энергетика министрлигинин ишин сындады

2 Чын куран 2024 14:31 Бишкек Govori.TV

Депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 2-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында Энергетика министрлигинин ишин сынга алды.

Депутат майнинг компаниялар иштеп, электр энергиясына чектөөлөр кайра башталганын белгиледи.

«Бул жерге министр өзү келиши керек болчу. Көптөгөн суроолор бар эле. Элдердин көйгөйлөрү, светтин байма-бай өчүшү бул чоң көйгөй да. Министр келгенде башында айткан элем, «ушул маселе кайталанбайбы, Ширшовдун командасы келдиңер, свет өчүрүүлөр кайрадан башталбайбы» деп. Азыр үнөмдөө тууралуу мыйзамды алып келип жатасыңар. Биринчиден өзүңөрдөн баштап, майнингге уруксат бербеш керек болчу. Силерге чейинки бир да министр майнинг компанияларга уруксат берген эмес. Силер бердиңер. Энергиянын баары ошол жакка кетип жатат. Анан кантип үнөмдөө жөнүндө сөз кылып жатасыңар? Эл үтүгүн да сайбай, үнөмдөп, акысын төлөп атат. Мен Ширшовдун планын билем, ГЭСтердин баарын курутуп, инвесторлорго — Ширшовдун өзүнүн адамдарына өткөрүп берүү. Мына ушуга алып баратасыңар бизди», — деди Тазабек Икрамов.

Ал эми Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев ГЭСтерди куруу менен энергетикадагы таңсыктыкты жоюу аракети жүрүп жатканын билдирди.

Количество просмотров: 131