• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Президент: Исфананы Раззаков шаары деп атоо чечимин кабыл алдым

25 Бештин айы 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

Исфана шаарын
Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, министрлер кабинетинин жыйналышында билдирди.

«Мен бир жаңылыкты сөзсүз айтып коюшум керек. Өткөн жылы Президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иштеримди Раззаковдун жери – Баткенден баштаганмын. Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым»,-деди Жапаров.

Өлкө башчысы быйыл кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусунда аткарылган иштерге токтолду:

— 3 айдын ичинде калыбына келтирилди.

— Баткенге биринчи жолу стратегиялык чек катары мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулду.

— Облуска өзгөчө статус берилди.

Өнүктүрүү программасы кабыл алынды.

— 500 млн сомду жыл сайын бөлүп туруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулууда.

Количество просмотров: 418