• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Исфанада адам өлүмүнө шектелип 53 жаштагы Тажикстандын жараны кармалды

10 Бирдин айы 2022 16:49 Бишкек Govori.TV

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Исфана шаарындагы адам өлүмүнө шектелип 53 жаштагы Тажикстандын жараны кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматында, шектүү Өзбекстанда оор кылмыш үчүн соттолгон жана Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Учурда милициянын убактылуу кармоочу жайын киргизилди. Ал Самаркандек айылында кармалган.

Буга чейин Исфана шаарында чайкана иштетип жүргөн 58 жаштагы киши дайынсыз болуп жатканы тууралуу милицияга арыз түшкөн. Милиция издөө иштерин жүргүзүп, чайкананын көмүр сактоочу жайынан 58 жаштагы жарандын сөөгүн тапкан. Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Азырынча Тажикстандагы күч органдары кармалган жаран жөнүндө маалымат бере элек.

Количество просмотров: 86