Бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеӊештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар жана аппараттын кызматкерлери ишембиликке чыкты.
Ишембиликтин катышуучулары борбор калаадагы сейил бакты иретке келтирип, суу арыктарын тазалоо менен дарактардын көчөттөрүн тигишти.
Иш-чаранын алкагында Нурланбек Шакиев экология маселеси борбор калаада курч экенин белгилеп, шаардын тазалыгына ар бир жаран кам көрүшү керектигин кошумчалады.
«Бабаларыбыз жаратылыш менен эриш-аркак жашап, жер-сууга, тоо-ташка, жан-жаныбарларга жана өсүмдүктөргө урмат менен мамиле кылган. «Бир тал кессең – он тал эк» деп, эч убакта табиятка кыянаттык кылган эмес. Андыктан, бабалардын жолун улап, жаратылышты көздүн карегиндей сактоо баарыбыздын милдетибиз», — деди Нурланбек Шакиев.