• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутаттар экс-президентти кол тийбестигинен ажыратууну карап жатат

5 Тогуздун айы 2018 18:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.10.2018. Govori.TV
Депутаттар экс-президентти кол тийбестигинен ажыратууну карап жатат. Бул туурасында эл өкүлү Исхак Масалиев билдирди.
“Кол тийбестик боюнча долбоор 22-сентябрда даяр болуп,ЖКга көрсөтүлгөн. Азыр комитеттер карап жатат. Өкмөттүн пикирин билгенден кийин комитет карайт. Комитеттердин кароосун ийинки жума  деп жатабыз. Жетишебизби ,жокпу ал  белгисиз. Себеби, алдыда процедуралык иштер дагы бар. Баарыбир алар бир аз созуктурушу мүмкүн. Биз негизи баардык жерде эле кол тийбестикти алып салууну туура көрөбүз. КРнын президентинин ишмердүүлүгү боюнча конституциянын 12-беренесин жокко чыгарууну сунуштап жатабыз. Бул жокко чыгарууда конституция үчүн эч кандай жоготуу болбойт”,-деп билдирди Масалиев.
Эскерте кетсек, депутат Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президентти кол тийбестигинен толук ажыратуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Мында экс-президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда ал эч кандай иммунитетке ээ болбосу каралган.
Конституциялык палата  Укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун кайрылуусунун негизинде “КР президенттин ишмердик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамындагы кол тийбестик боюнча жобону карап чыккан.
Кыргызстанда азыркы учурда Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев экс-президент деп эсептелет, ал эми Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев мындай макамга ээ эмес.
Количество просмотров: 23