• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат айымдар Баткенге барып, аялдардын укугу, аларга болгон зомбулук жөнүндө маселени көтөрүштү

4 Бештин айы 2018 14:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин депутат айымдары Баткенде «Аялдардар, тынчтык коопсуздук, коомдук угуу» деген аталыштагы жыйын өткөрүштү.
Жолугушууга депутаттар Карамат Орозова, Айнура Алтыбаева, Аида Касымалиева келди. Иш-чарага Баткендеги район-шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, чиновниктер, жергиликтүү кыз-келиндер катышты. Анда бүгүнкү күндө аялдарга жана балдарга болгон зордук-зомбулук жана гендердик теңчилик тууралуу кеп болду.
«Үй-бүлөдө болобу, саясатта болобу аялдын орду башка. Учурда парламенттеги депутаттардын 20-30% аялдар түзөт. Бул жерде бийлик талашуу эмес, мамлекетти коргоо, өнүктүрүү үчүн иштөө болуп саналат. Учурда жергиликтүү кеңештин депутаттарында да аялдар өтө аз. Жогорку Кеңештен караганда жергиликтүү кеңештен башташ керек», — деди Карамат Орозова.

Булак: “Turmush”
Количество просмотров: 43