• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Министрлик орундарды устукандаган депутаттар жоопкерчиликтен качты

15 Тогуздун айы 2018 17:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV
Өлкөдө министрдин аркасынан министр кетип, азыр айрым министрликтер башчысы жок турса, кээ бири жалпы жетекчиси жок турат. Бул кырдаалга депутаттар да жоопкерчиликтүү экендиги белгилүү. Биз азыр бул туурасында эл өкүлдөрүнүн оюн билип көрдүк.
Акыркы учурда министрлер биринин аркасынан бири алынууда. Кызмат ордунан бошотуу менен маселе чечилип калган жок. Айрым депутататтардын оюнда бул кырдаалга бир гана өкмөттүн кадр тандоодогу жаңылыштыгы себеп болууда.
Министр дайындоо маселесинде депутаттардын дагы өздөрүнүн тиешелүү милдеттери бар. Алар мекеме жетекчилерине талапкерлерди сунушташат. Бирок, ал министр болуп дайындалып калса, андан ары кандай иш алып барат буга эл өкүлдөрү жооп бербейт экен.
Ал эми өкмөт татыктуу министр таппай убара. Анткени мурунку аткаминерлери күйдүрүп кетип, кимди дайындарын дагы деле аныктай элек. Ал эле эмес, министрди өкмөт эмес президент дайындайт деп айтып жиберишти. Эгер бул билдирүүгө таянсак биз парламенттик эмес эле президенттик башкаруудагы өлкө болуп калабызбы?

Количество просмотров: 54