• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутаттары Дача Су учак кырсыгынан каза болгондорду түштөн кийин эскеришти

16 Үчтүн айы 201915:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттарына Дача Су учак кырсыгынан каза болгондор түштөн кийин эстерине келди.      

Жыйын эрте мененки саат 9:30 да башталган. Түшкү тыныгууга чейин 7 суроону талкуулап, түштөнүүгө тарап кетишкен.

Андан кийин жыйында мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутат Дастан Жумабеков күтүлбөгөн жерден отурумду бузуп, Дача Су учак кырсыгын эске салды. Андан кийин эл өкүлдөрү кырсыктан каза болгондорго минуталык эскерүү кылышты.

Эске салсак, 2017-жылдын, 16-январында Дача Су айылында түрк компаниясына таандык Boeing 747 учагы кулаган. Кесепетинен 39 киши каза таап, 15 адам жабыркаган.

Количество просмотров: 70