• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Депутаттар камактагы Жекшеналиевдин ишине көңул бурууну айтышты

12 Тогуздун айы 2022 11:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин жалпы жыйынында камактагы 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевди камакта кармоо уят экенин кошумчалады.

«Бул деген жаш бала да. Жаш эмес, бир топко барып калган адамдар да адашып жатат. Жаш баланы ошол жерде кармап отуруу уят нерсе. Протоколдук тапшырма берет элем. Киришиш керек. Басымга, кысымга алуу деген болбошу керек”, — деди депутат.

Жыйын учурунда кесиптешинин сөзүн депутат Сеидбек Атамбаев да колдоого алды. Ал блогердин ишине көңүл бурууга чакырды.

10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту №1 тергөө абагында камакта отурган блогер жана активист Ырыс Жекшеналиевдин абактагы мөөнөтүн 14-декабрга чейин узарткан.

Количество просмотров: 172