Жогорку Кеңеш 14-майдагы жыйынында Догдургүл Кендирбаеваны агартуу, ал эми Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Талкуу маалында депутаттар жогорку окуу жайларындагы, мектептердеги билим берүүнүн сапаты, илимий изилдөөлөрдүн абалы, китеп таңкыстыгы, билим берүү тармагын реформалоо, оптималдаштыруу маселелерин көтөрүштү.
Президент Садыр Жапаров 12-майда Кендирбаева менен Орозовду министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Анын алдында Билим берүү министрлигин экиге бөлүү тууралуу чечим кабыл алган.