• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар эми КМШдагы кесиптештери менен футбол ойнойт

16 Тогуздун айы 2018 19:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.10.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңеш депутаттары КМШ өлкөлөрдөгу кесиптештери менен кичи футболдо таймашат. Бул тууралуу «Калыс Медиага» ЖК депутаты Марлен Маматалиев билдирди.
Депутаттын айтымында, Орусиянын Федералдык жыйналышынын 25 жылдыгына карата 18-21-октябрь күндөрү Москва шаарында атайын иш-чара өтөт. Анын экинчи күнүндө КМШ өлкөлөрүнүн депутаттары ортосунда кичи футбол боюнча мелдеш болот.
Мелдешке Кыргызстандан 10 депутаттан турган команда катышат.
Булак: «Калыс Медиа»
Количество просмотров: 13