• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутаттар Конституциянын жаңы долбоорун 17-февралда кароого киришет

10 Бирдин айы 2021 16:17 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун кароого 17-февралда киришет. Бул тууралуу 10-февралда парламенттин жалпы жыйынында төрага Талант Мамытов билдирди:

“Эмки үчүнчү күнү ушул жерде конституциянын долбоору боюнча демилгечи депутаттар чогулуп, кошумча сунуштарды эске алуу менен чогуу каралат”.

Жогорку Кеңештин сайтына Баш мыйзамдын жаңы долбоору 9-февралда жарыяланган. Буга чейин 2020-жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын сексен депутат демилгечи болгон жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Бирок коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн конституциялык кеңешме түзүлгөн. Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүндө эки айдан ашуун иштеген конституциялык кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген.

Количество просмотров: 47