Жогорку Кеңештин депутаттары Курулуш агенттигине нааразы болушту. Парламент жыйынында депутат Марат Мураталиевдин айтымында эл менен жолугушуу учурунда Талас облусундагы Көпүрө-Базар айылына барып, Саламаттыкты сактоо министри менен жергиликтүү медициналык мекемеде болушкан.
«Жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен ооруканага бардык. Биз объектинин жанында турдук. Андан кийин Мамкурулуштун орун басары мага телефон чалып, «ал жакка эмнеге бардыңар» деп жатат. Жетекчилик аларды киргизбегиле деп, Министрлер кабинетинин буйругу менен деп. Биз, депутаттар каалаган жерде эл менен жолугууга укугубуз бар”, — дейт Марат Мураталиев.
Андан соң дагы бир депутат Эрулан Көкүлов да сөз алып Курулуш агенттигине нааразы болду.