• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Депутаттар өлкө башчысына жана спортчуларга ак калпакты милдеттүү түрдө кийгизүүнү сунуштоодо

9 Үчтүн айы 2018 10:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.01.18.Govori.ТV

Жогорку Кеңештин депутататы Экмат Байпакбаев жана Бакирдин Субанбеков кыргыздын улуттук баш кийими болгон  ак калпакты өлкөнүн башка улуттук символдору – мамлекеттик туу, герб жана гимнге теңөөнү сунушташууда.  Депуттар демлигелеген мындай мыйзам долбоору парламент сайтына жайгаштырылып,  коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлдөрүнүн сунушу боюнча, ак калпакты президент, төрага жана анын орун басарлары, өкмөт мүчөлөрү расмий иш-чараларда, башка өлкөлөргө барганда жана расмий делегацияларды кабыл алуу учурунда милдеттүү түрдө кийиши керек.          “Бул кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын сактоо жана таанытуу максатында” жасалууда»,- де эсептешет депутаттар.

Документке ылайык, калпакты Кыргызстанды эл аралык мелдештерде тааныткан спорчулар дагы кийүүгө милдеттүү болушат.

Мыйзам долбоорунда калпак тигүүгө жана сатууга чектөө киргизүү да каралган.

Мыйзам авторлору калпакты кор кармагандарды жазалоону талап кылышууда. Бирок документте жаза тариптери жазылган эмес.

Эскерте кетсек, бул мыйзам долбоору мода көргөзмөсүндө итке калпак кийгизилгенден кийинки жаңжалдан соң жарык көрдү. Активисттер бул окуяны кыргыз элин мазактоо жана улут аралык жаңжалды козутуу катары баалашкан.

Количество просмотров: 4