• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутаттар министрлер кабинетинин жаңы курамын жана түзүмүн колдоду

13 Тогуздун айы 2021 16:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар президент Садыр Жапаров сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын жана түзүмүн колдоду.

Депутаттардын баары, тактап айтканда, 87си макулдугун берди.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы төмөнкүчө:

  • Министрлер кабинетинин төрагасы — Акылбек Жапаров;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Азиз Аалиев;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев;
  • Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;
  • Финансы министри — Алмаз Бакетаев;
  • Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри — Руслан Казакбаев;
  • Юстиция министри — Аяз Баетов;
  • Транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев;
  • Энергетика министри — Доскул Мырзаев;
  • Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова;
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри — Кудайберген Базарбаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов;
  • Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Билим берүү жана илим министри — Болотбек Купешев;
  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
  • Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев.
Количество просмотров: 40