• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Депутаттар Ош шаарынында көчмө жыйын өткөрдү

20 Бештин айы 2022 11:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү Ош шаарынында көчмө жыйын өткөрдү

Көчмө жыйынга комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баштаган депутаттар Искендер Матраимов, Алишер Эрбаев, Карим Ханджеза, Азамат Исраилов, Алишер Козуев, Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов жана Ош шаардык кеңешинин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Алгач прокуратура, укук коргоо органы жана чек ара кызматынын өкүлдөрү Ош облусунун аймагындагы кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралардын абалы тууралуу маалымат беришти.

Ош облусунун ИИБнин башчысы Жеңишбек Абитов кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чараларынын негизинде 2022-жылдын он бир айында 11 миң 184 арыз-билдирүү катталганын билдирди. “Анын ичинен 2 508ине кылмыш иши козголгон. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2984кө аз”, — деди Жеңишбек Абитов.

Депутат Айбек Осмонов Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундарынан уруулук фактылары боюнча көп кайрылуу түшкөнүн белгилеп, ага көңүл бурууга чакырды.

Эл өкүлү Карим Ханджеза көчмө жыйындын максаты кылмыштуулукка каршы бирге күрөшүү экенин белгиледи. “Баарыбыз чогуу аракет кылсак өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошмокбуз”, — деди депутат.

Депутат Искендер Матраимов чек ара кызматынан өткөрмө пункттардын иши тууралуу тактаса, ал эми Азамат Исраилов Кыргызстанда баңгизаттар менен күрөшүү иштери кандай жүрүп жатканына кызыкты. Эл өкүлдөрү бул маселе өлкөдө курч бойдон экенин белгилеп, аны менен олуттуу күрөшүүгө чакырышты.

Ал эми депутат Алишер Козуев Ош облусундагы кылмыштуулук жана коррупциянын алдын алуу боюнча берилген маалыматка канаттанган жок. Козуев ИИБнин баяндамасында ийгиликтер гана айтылып, көйгөйлөр ачыкталбаганын айтты.

Өз кезегинде депутат Шайлообек Атазов шайлоочулардын көпчүлүгү Ош шаарынын сотунун ишине нааразы болуп, кайрылгандар көп экенин белгиледи. “Ар бир кайрылган жарандын ишин калыс карап, тыкыр иликтеп, туура баа берүүңүздөрдү суранам”, — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштерге кызыкты. Буга чейин бөлүнгөн акча каражатынын максатсыз иштелгени боюнча кылмыш ишин такташты. Жыйын соңунда депутаттар көтөргөн маселелер боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүшү зарыл экени айтылды жана анын натыйжасы боюнча маалымат берилсин деп белгиленди.

Андан ары депутаттар Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Эл өкүлдөрү алардын көйгөйлөрүн угуп, маселелерин талкуулашты.

Количество просмотров: 76