• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутаттар прокуратурадан тергөө укугун алууну экинчи окууда колдоду

14 Кулжа 2023 11:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын Президенти.

Мыйзам долбоору жөнүндө Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Мыйзам долбоору прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоого алышты.

Ошондой эле жыйында “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун да депутаттар экинчи окууда колдоп беришти.

Количество просмотров: 70