• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутаттар сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту

8 Чын куран 2024 9:21 Бишкек Govori.TV

“Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттар Аманкан Кенжебаев жана Жалолидин Нурбаев Кыргызстандагы сүт өндүрүүчү ишканалардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууга Агроөнөржай ассоциациясынын, “Кыргызстан сүт бирикмесинин” директорлору, сүттү кайра иштетүүчү бир катар ишканалардын өкүлдөрү катышып, “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндөгү” токтом талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Түмөнбаев мал багып жашоо кечирген жарандарды, айрыкча айыл жериндеги карапайым калкты, дыйкан-фермерлерди колдоо максатында аталган токтом кабыл алынганын белгилеп, сүттү кайра иштетүүчүлөрдү да муну туура түшүнүүгө чакырды.

“Бул токтом аткарылып, ишке ашырылмайынча мен Өкмөттөн күнүгө сурайм. Бааны койдукпу, ушул баа боюнча иш алып баруу зарыл. Керек болсо пилоттук программа кылып, мамлекеттик май-сыр завод ачылса, дыйкандардын көйгөйү чечилмек”,- деди Акылбек Түмөнбаев.

Талкуу маалында ар кандай сунуш-пикирлер айтылды. Айрым сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери эгерде, сүттүн баасы 40 сомдон болсо, анда болгону 2-3 гана ишкана калып, калганы банкротко дуушар болорун белгилешти. Алардын айтымында чийки азыкты кайра иштеткендеги чыгымдар акталбайт. Ал эми айрымдары мындай шартта сүт өндүрүүчүлөрдү салыктан биротоло бошотуу керек деген пикирлерин ортого салышты.

Сүттү кайра иштеткен фирма, заводдор 2022-жылы 27 миң тонна, 2023-жылы 52 миң тонна сүт азыктарын сыртка экспорттогонун белгилеген эл өкүлү Аманкан Кенжебаев суроо-талап бар болгон үчүн ишкерлердин пайда көрүп жатканын жүйө келтирди.

“Салык көбөйсө, сүттүн баасы да жогорулайт деп Министрлер кабинети менен талашып-тартышып отуруп, сүт өндүрүүчүлөр үчүн салыкты эң төмөнкү баага — 0,25%га түшүрүп бердик. Экспортту дагы кеңейткиле. Министрлер кабинети менен кеңешип, субсидия, керек болсо пайызсыз кредит бергенге жардам берели. Бирок, Жогорку Кеңештин токтому аткарылууга, бирдиктүү баа болууга тийиш”,- деди Аманкан Кенжебаев.

Соңунда “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндөгү” токтом боюнча ишкерлер менен бир пикирге келип, жыйынтыкташты.

Количество просмотров: 65