• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар Балбак Түлөбаевди кызматтан алуу сунушун президентке жолдомой болушту

19 Үчтүн айы 2021 15:03 Бишкек Govori.TV

Депутаттар Бишкек шаарынын мэрин жана шаар бийлигинин башка тийиштүү өкүлдөрүнүн кызматтан алуу тууралуу сунушту президентке жолдомой болду. Буга Бишкек мэри Балбак Түлөбаевдин бүгүн, 19-январдагы  Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынына тоготпостук мамиле кылып, келбей койгону себеп болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн комитетте курулуштагы көйгөйлөр жана курулуш   үчүн  документтерди берүү процедураларын оптималдаштыруу  боюнча маселе каралмак жана суроолордун көпчүлүгү шаар бийлигинин өкүлдөрүнө болмок. 

Жыйынга мэриянын бир да өкүлү келбегени депутаттарды нааразы кылды.

“Ушуну менен мэрия Жогорку Кеңештин жыйынын этибарга албай, экинчи жолу келген жок. Эгер мындай болсо мэрия боюнча биз да чечим чыгарып берели. Бишкек архитектурасын мамлекеттик курулуш агенттигине өткөрүп берүү тууралуу Өкмөттүн токтому чыккан. Токтомду да мэрия аткарбай кечеңдетип жатат”, — деди депутат Тынчтыкбек Конушбаев.

Бул пикирди колдогон эл өкүлү Кубанычбек Жумалиев мэрди жана маселеге тийиштүү жетекчилерди кызматынан алуу тууралуу кат жазып, президентке жөнөтүү сунушун берди.

Эл өкүлү Рыскелди Момбеков курулуш  тармагындагы бардык коррупциялык схемалар мэрияда орун алып жатканын сынга алды.  “Бул  биринчи жолу эмес, экинчи жолу кайталанууда.  Мыйзам боюнча биздин укук бар мэрди чакырганга. Мынакей буга чейин Бишкектин төрт мэри отуруп чыкты.  Бүгүн дагы эмнеге мэр келген жок?  Анткени курулуш тармагы боюнча коррупция беренеси менен көпчүлүгү абакта жатат. Бишкектин мурунку башкы архитектору  коррупция менен кармалып, жакында чыкты. Ар бир үчүнчү кылмыш ушул мэрияда болот. Комитет ушундай коррупцияны демонтаж кылайын деп жатса,  мэр өзү келбегени бул чыныгы саботаж. Ал аз келгенсип, бир да өкүлүн жөнөткөн жок”, — деп нааразылыгын билдирди депутат Рыскелди Момбеков.

Курулуштагы көйгөйлөр талкууланчу бүгүнкү жыйынга Өкмөт өкүлдөрүнөн тышкары курулуш компаниялардын өкүлдөрү,  ЖИАдан келишкен. 

“Куруучулар” бирлигинин төрагасы Аскарбек Молдобаев  сөз алып, алар коррупциялык схемалардан тажап бүткөнүн билдирди. Куруучулар курулуш тармагындагы  нормативдик документтер бири-бирине шайкеш келбей турганын,  тартипке келтирүү үчүн бир нече жолу Юстиция министрлигине кайрылып, бирок 5-10 жылдан бери чече албай койгонун айтышты.       

Дал ушунудай курулуштун өнүгүшүнө кедергисин тийгизген мыйзамдык чектөөлөр жана административдик тоскоолдуктар боюнча Жогорку Кеңешке ишкерлерден көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Аларды атай кетсек, учурда  долбоорлоо жана курулуш иштерине уруксат документтерин берүү процесси татаал жана бирдиктүү регламент жок.  Курулуш секторундагы ишкерлердин айтымында,  зарыл документтер өз убагында берилбей, натыйжада буйрутма бергендер маселесин чечүү үчүн формалдуу эмес төлөмдөрдү жасоого мажбур болушат. Мындай жагымсыз факторлор курулуштун наркынын жогорулашына алып келип, турак-жай рыногунун баасына таасир этүүдө.  Ошондой эле “Бирдиктүү терезе” принциби да формалдуу гана иштейт.

Жыйын соңунда Транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин депутаттары курулуш боюнча маселени сессияга алып чыгып кеңири кароо,  шаар бийлигине чара көрүү чечимин кабыл алды.

Количество просмотров: 79