• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутаттар төрт вице-спикер болуусун сунуштап жатат

30 Бештин айы 2021 13:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын түзүмүн түзүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, депутат Султанбай Айжигитов жыйын учурунда парламентте төрт вице-спикер жана Жогорку Кеңеште мурдагыдай 9 эмес, 7 комитет түзүү сунушталган билдирди.

Алар:

— Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;

— Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет;

— Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет;

— Финансылык-экономикалык саясат боюнча комитет;

— Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитет;

— Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет;

— Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш жана агрардык саясат боюнча комитет.

Бүгүн, 30-декабрда парламенттин курамы менен түзүмүн иштелип чыгып, жалпы палатанын талкуусуна чыгарылат.

VII чакырылыштын депутаттары 29-декабрда ант берип, алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйында “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен келген депутат Талант Мамытов 63 добуш менен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Количество просмотров: 552