• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутаттар Текебаевдин ден соолугун текшерүүнү тапшырды (видео)

5 Кулжа 2018 21:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.06. 2018. Govori. TV

Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун кайрадан текшерүүдөн өткөрүү талабын койду.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жана Саламаттыкты сактоо министрине ушул  тапшырманы берди.

Комитеттин төрайымы Наталя Никитенконун айтымында №47 абакта жаткан Текебаевдин ден соолугу начарлап кетти.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Самат Тойматов Комитеттин чечимин алаары менен ЖАМК менен биргеликте иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Анын айтымында Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун толук текшерүү үчүн атайын врачтардын көзөмөлүнө алынып госпиталга жаткыруу аркылуу коронография жасоо керек.

Количество просмотров: 23