«Жогорку Кеңештин депутаттары тойканага чогулуп жатышат» деген видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Айрым ЖМКлар Бишкектеги ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ЖКнын VI чакырылышынын быйылкы сессиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу спикер сый тамак уюштурганын жазды.
Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү 29-июлда кезексиз жыйындарын жыйынтыктап, сентябрга чейин каникулга тараган.