• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутаттар “Улуттук банк жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү кандай максатта сунушташты?

11 Кулжа 2021 15:38 Бишкек Govori.TV

“Улуттук банк жөнүндө” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Мыйзам Кыргызстандагы финтехтин тез өнүгүшү үчүн шарттарды түзүүгө: атайын режимге арыздар боюнча Улуттук банктын чечимдерди кабыл алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, Улуттук банктын балансында финтех-компанияларга корреспонденттик эсептерди ачуу, финтехке таандык баалуу металлдарды Улуттук банктын сактагычында сактоого мүмкүндүк, ошондой эле тобокелдүү операцияларды (насыя берүү, депозиттик операциялар, лизинг, факторинг, форфейтинг, кепилдиктерди берүү, баалуу кагаздар менен операциялар) жүзөгө ашырбаган стартаптар үчүн уставдык капитал боюнча талаптарды төмөндөтүүгө багытталган»-деди ал.

Количество просмотров: 133