• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Депутаттар ушуга чейин көп эле нерсеге макул болуп келдик». Нурдинов Конституциянын долбоорун кабыл алууда шашпоого чакырды

17 Бирдин айы 2021 16:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда шашпоого чакырды. Бул тууралуу ал 17-февралда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо боюнча парламентте өтүп жаткан жыйында билдирди.

«Конституцияны өзгөртүүнү азыр иштеп жаткан Конституцияда кандай каралса, ошол негизде кабыл алышыбыз керек. Биринчи окууга эки ай берилдиби, эки ай карашыбыз керек. Экинчи окууга эки ай берилдиби, эки ай карайлы. Үчүнчү окууга үч ай болсо, аны да аткаралы. Анан шашып атабыз. Өкмөткө тынчтык керек деп депутаттар ушуга чейин көп эле нерсеге макул болуп келдик», — деди ал.

Бейшеналы Нурдинов эгерде Конституциянын жаңы долбоорун референдумга жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу чыгаруу керек болсо анда шайлоону кийинкиге жылдыруу зарылдыгын айтты.

Количество просмотров: 72