Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков “COVID-19 илдетин ынтымак менен жеңебиз!” аталышындагы хештег жарыялаган.
«Урматтуу мекендештер! Ар бирибиз өзүбүздүн жана жакын адамдарыбыздын саламаттыгына кам көрөлү. Балдарыбызды, кадырман карыяларыбызды асырайлы. Өкмөт тарабынан сунушталып жаткан эрежелерди сактасак, баары жакшы болот. Кудай буйруса, жоопкерчилик, тартип жана ынтымак менен COVID-19 илдетин жеңебиз!», — деп билдирди төрага.
Мындан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар “COVID-19 илдетин ынтымак менен жеӊебиз! #Ынтымак менен жеӊебиз” аттуу флешмобун башташты. Жыйында эл өкүлдөрү дал ушундай ураан жазылган барактарды көрсөтүп, элди дүрбөлөӊ салбоого жана биримдикке чакырды.