Парламентте казинолордун иштөөсүнө уруксат берүү сунушталууда. Мыйзам долбоорун депутат Дастан Жумабеков менен Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыкты.
Демилгечилер долбоор өлкө экономикасына салым кошуу, туристтик тармакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу максатында иштелип чыкканын жазышкан.
Авторлордун айтымында, кумар оюндарынын жабылышы менен бюджетке 600 миллион сом зыян келтирилип, 11 миң жумуш оруну кыскарды.
Мыйзам долбоордо казинолор айрым аймактарда гана ачылып, ага чет элдиктер гана кире алышат.
Депутаттар Россия, Казахстан, Сингапур, АКШ, Монако жана Кытайдын Макао аймагынын тажрыйбасын колдонууну сунушташат.
Белгилей кетсек, Кыргызстан куман оюн-зоок жайларынан 2015-жылдан бери тыюу салынган.