• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Депутаттар өзгөчө абал киргизүүгө макулдугун берди

13 Тогуздун айы 202019:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кенештин кезексиз жыйынында депутаттар президенттин Бишкекте өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын бекитти.

Жыйынга катышкан депуттардын баары Бишкекте өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты бекитүүгө макулдугун берди.

Вице-спикер Аида Касымалиеванын билдиргендей, жыйынга 62 депутат келген.

Белгилей кетсек, Бишкекте өзгөчө абал президенттин жарлыгы менен 22:00дөн таңкы саат 5:00гө чейин шаар тургундарына сыртка чыгууга чек коюлат.

Количество просмотров: 363